Кызыл туфли

Кичинекей кызга апасы базардан эки бут кийим алып келди. Бири — жыртылып калган тапичкесинин ордуна жумшак, жылуу түгү бар, жупжумшак үй тапичкеси. Коенектин сүрөтү түшүрүлгөн кадимки көгүш тапичке. Экинчиси — кыпкызыл шурулар бастырылып, жаркыраган, ал тугул кичинекей такасы да бар лак туфли экен.

Канткенде баланы сыналгыдан алыстатабыз?

Бүгүн кызымдын оюнчуктарын карап отуруп, куурчагынын көптүгүнө таң калдым. Ар турдуу: аябай популярдуу Барби, Винкстан баштап кичинекей бөбөк куурчакка чейин. Бири да кызымдын сүйүктүүсү боло алган жок. Биринин чачы саксайса, биринин көйнөгү жок. Куурчак менен кызым бир кездеги мендей болуп керели-кечке ойнобойт, кайдыгер. Аны куурчак ойноонун кызык дүйнөсүнө тартуу кыйын болуп турат.

Нуржанаттын таттуу кептери

Бул рубрикада кичинекейлердин таттуу создору боорунузду эзмекчи. *** Беш жаштагы Нуржанат оюнчуктарын жыйнагысы келбей, апасына догурунду: — Апа, дейм, озунуздун кызынызбы, оюнчугун озунуз жыйнаныз ! *** Апасы  кириндирип жатып мойнун катуу жышып койду корунот, Нуржанат терен улутунуп алып: — Апа, бир куну мени жуундуруп атып, муунтуп олтуруп албасаныз эле болду,- деди санааркай.       …

Саламатсынарбы? Биринчи жомок

Уч кызым бар. Алардын ортончусу — Бегайым кеч сайын умуттоно жомок кутот.  Кээде айтсам, кээде айтпайм. Китептен окуган жомокторду тез эле унутуп коймоюм бар, ошол учун ойдон чыгарам.  Анткени анын дагы кичинекей синдиси бар — Даткайым деген. Бул кыз абдан чыр болгондуктан, Бегайымдын жолу ар дайым эле боло бербейт, ага жомок айтып бергенге апасынын убактысы …