Саламатсынарбы? Биринчи жомок

Уч кызым бар.

Алардын ортончусу — Бегайым кеч сайын умуттоно жомок кутот.  Кээде айтсам, кээде айтпайм. Китептен окуган жомокторду тез эле унутуп коймоюм бар, ошол учун ойдон чыгарам.  Анткени анын дагы кичинекей синдиси бар — Даткайым деген. Бул кыз абдан чыр болгондуктан, Бегайымдын жолу ар дайым эле боло бербейт, ага жомок айтып бергенге апасынын убактысы жетпей калат. Менин жомокторум илгери-илгери деп башталбайт, кунумдук турмуштан алынат. Аларды биздин уйдо шарттуу турдо жомок деп атап койгонбуз.

Бугун Бегайымга томондогу жомокту айтып бердим. Анын жаралышына кызымдын  тиш жуугандан эрингени туртку болду.

Тиш жуусамбы же жуубасамбы?

Кичинекей Аймээримге апасы бугун тиш жууган щетка сатып келди. Ага кошуп пастасын дагы. Жаны щетка аябай сонун, кооз, тыпыйып кичинекей экен. Ону сапсары, кудум кункарамадай. Кармагычында мультфильмдеги кыздын суроту бар. Пастасы оозду дуулдатып ачыштырбай, кулпунай даамданып турат.

Жаны буюмдарга кубанычы койнуна батпай суйунгон Аймээрим тиштерин жууп болуп, кузгуго каранды. Тиштери аппак болуп жаркырап калыптыр. Ошентип, кичинекей кыз щеткасы менен пастасын унутпай колдонуп журду. Бирок, акыркы кундору тиш жуугандан тажай баштады. Мурдагыдай кечке онго-солго, ылдый-ойдо жышкылабай, эптеп жуумуш этип коет. Ошондонбу, айтор мандай тиштери карарып, курт тушо баштады.

Бир жолу Аймээрим тишин таптакыр эле жууган жок. Калп эле «жоголуп кетпесин» демиш этип, щетка, пастасын бекем жерге катты да, ошол бойдон унутту.

Ал куну Аймээрим туш корду…

…Аймээрим кипкичинекей болуп кетиптир. Нары бери жугуруп эси чыккан кызга бардыгы эбегейсиз чон, эби-сыны жок дардайган, коркунучтуу корунду. Бардык буюм-тайымдардын мурда козго илешпеген, майда суроттору, аларга тушкон тактар дапдаана корунду ага.

Эси чыккан кыз айландырып караса, тигил жерде ОЗУ жатат! Дагы бир Аймээрим уктап жатат! Бирок, болмодогу буюмдар сыяктуу килейген неме экен! Корксо да ал чон Аймээримге жакын барды. Так мандайына. Ал оозун ачып, уктап жатыптыр. Кашка тиштери каалгадай болуп корунуп турат. Баягы озу коруп жургон тишинин карарган жери ункурдой оюлуптур. Ичинде курттары журот. Бул курттардын оздору да, башы да кара, ыраны ото суук экен. Чон Аймээримдин тиштерин кичинеден кемирип жеп атышты.

–Кеткиле, жаман курттар десе!

Аймээрим курттарды кубалай баштады. Курттар аны тоотуп да коюшкан жок. Кайра ырсайып кулуп, аны шылдындашат.

— Аймээрим тишин жуубайт. Анын бардык тиштерин жеп бутолу, анан кетебиз!- дешти алар.

Аймээрим курттарды кууй албай айласы кетти. Ыйлады. Жер тепкилеп, тултундап коркутту. Курттар аны бары бир угушкан жок, тиштерди карсылдатып кемире беришти, кемире беришти…

…Опкосу опкосуно батпай, солуктап ыйлаган Аймээрим ойгонуп кетти. Жанагынын баары туш экен, кудай жалгап. Суйунуп кеткен кыз ыргып турду да, бекиткен жеринен тиш пастасы менен щеткасын алып чыгып, тиштерин жууй баштады. Мурдагыдай эптеп-септеп эмес, аябай жышты.

Жанынан отуп бараткан апасы аны таныркай карады:

-Эмне болду, кызым, тиш жууп калыпсын? Канчадан бери какшап жуудура албай жаттым эле…

— Мындан ары апаке, мен тишимди ар дайым унутпай жууп турам,- деди Аймээрим.

 

 

 

Комментарии 2

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *