Кызыл туфли

Кичинекей кызга апасы базардан эки бут кийим алып келди.

Бири — жыртылып калган тапичкесинин ордуна жумшак, жылуу түгү бар, жупжумшак үй тапичкеси. Коенектин сүрөтү түшүрүлгөн кадимки көгүш тапичке.

Экинчиси – кыпкызыл шурулар бастырылып, жаркыраган, ал тугул кичинекей такасы да бар лак туфли экен.

Кыз тапичкени муздак полду баспаш үчүн ар дайым бутунан түшүрбөй кийгени эле болбосо, ага анчейин көңүл бөлчү эмес. Ал эми туфлисин аябай жакшы көрөт. Бала бакчага кийип барып келген сайын, чаңын суртуп, этияттык менен текчеге коет. Мындай мамиледен кызыл туфли кекирейиңки тарта баштады. Тигил үй тапичкесине кырдана карап, аны кемсинтүүгө өттү. “Билесиңби,- деди ал,- мен бут кийимдердин эң мыктысымын. Кожойкемдин эле эмес, бардык адамдардын мыкты деген баасына татый турган немемин. Бир гана өкүнүчтүүсү — сага окшогон жөнөкөй, көрксүз тапичкенин жанына орун алганым”.

Туфли жөнөкөй тапичкенин катарында турганына корсуна баштады. Өзүнө татыктуу баа алуу үчүн жыл сайын өтө турган “Эң мыкты бут кийим-2012″ сынагына өзүнүн баянын, сүрөтүн жиберди.

Ал арада туфлинин сезону бутуп, өтүк кийээр убак келди. Туфли четке чыгарылып, апасы кызына жаны өтүк алып келди. Көгүш тапичке дагы эле кийилип жатты. Кыздын апасы туфлини «жазында баары бир батпай калат» деген ой менен эски-ускулар саткан дүкөнгө тапшырды. Кызыл туфли кекирейгенин ал жакта да койгон жок. Анысы өзүнө окшогон керсейиңки тарткан кооз бут кийимдердин арасында ого бетер кучоду. Оо, бул жактагы бут кийимдердин мактанганын уксан! Бири шиш тумшугун которуп, каадаланса, бири Кытайдан чыкканына карабай “Польшада жасалган” деген жазуусуна манчыркайт. Үчүнчүсү «таза териден тигилгем»деп ойлосо, төртүнчүсү бийик такасына мактанат.

Бир күнү биздин тааныш туфлини жаш аял сатып алды.

“Мына эми мен накта кожойкемди таптым,- деп ойлоду кызыл туфли,- Бул аял абдан жакшы кийиниптир. Сырга, шакеги бардыгы кымбат тура. Анын кызы да өзүнө окшогон модалуу неме болсо керек. Мага ылайык адамдарды эми таптым окшойт. Буларда баягы менен кошунамдай итиркейди келтирген көгүш тапичке жоктур…”

Бирок, туфлинин ою ордунан чыккан жок. Жаңы кожойкеси аны үйүнө алып барды да, анын бекиткичтерин чыгарып, башка туфлиге такты. Өзүн таштандыга ыргытты. Бекиткичтери жок калган туфли күнгө какталып, сасыган таштандыга чулганып жатса да, бут кийимдердин сынагынын чакыруусун күтө берди.

Чакыруу келген жок.

Ал эми бул сынакка баягы көгүш тапичке чакырылып, “Эң пайдалуу бут кийим” наамына ээ болгонун укса эмне болмок?!

Махабат Абдылдаева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *