Канткенде баланы сыналгыдан алыстатабыз?

Бүгүн кызымдын оюнчуктарын карап отуруп, куурчагынын көптүгүнө таң калдым. Ар турдуу: аябай популярдуу Барби, Винкстан баштап кичинекей бөбөк куурчакка чейин. Бири да кызымдын сүйүктүүсү боло алган жок. Биринин чачы саксайса, биринин көйнөгү жок. Куурчак менен кызым бир кездеги мендей болуп керели-кечке ойнобойт, кайдыгер. Аны куурчак ойноонун кызык дүйнөсүнө тартуу кыйын болуп турат.

Эсиме түштү: биз бала чакта кыздардын көпчүлүгүндө бирден гана куурчак болор эле. Бардыгы жакшынакай “багылган”, чачтары таралып, колго тигилген түрдүү койнөктөрдү улам которуп, айтор кароосуз калышчу эмес, ал куурчактар. А бүгүнкүнүн куурчактары өз кожойкесинин колунан тигилген көйнөктү чандасы гана кийбесе, аз гана күн ойнолуп, ар кайсы жерде унутта калтырылат. Мындай көрүнүш азыркы балдар-кыздардын бардыгына тиешелүүдөй. Кичинекейлер кыймылдуу, өзүнчо кыялданып ойной турган оюндардан алыстап, барган сайын сыналгы, даяр ДВД-дисктер, компьютердик оюндарга берилишүүдө. Керектүү да керексиз маалыматтарга сугарылган балдардын мээси чарчап, агрессивдүү, ачуусу чукул.

Балдарыбыздын мындай болушуна биз өзүбүз күнөөлүү экенбиз да, көрсө. Аны менен оюн куруп, ага китеп окуп бергенден, аны менен чогуу сейилдегенден эринебиз (“убакыт жок”) да, ага ар түрдүү мультиктерди, компьютердик оюндарды сатып берип кутулганга шашабыз. Бала байкуш эмне кылсын, колуна пультту алат, ага да жакшы, бизге да жакшы (бирок, балага чындап эле жакшыбы?).

Мультфильмдер советтик доордогудай цензурадан өтпөйт. Ар кандай түрү суук, сексуалдуулукка басым жасаган, ташбоор, тапан каармандарга бай чет элдик мультфильмдер ар бир эле үйдөн табылат болушу керек. Ал эми киши өлтүргүчтөр тууралуу компьютердик оюндар ар бир десек аша чаппайбыз, ар бир баланын арсеналында бар.

Мындай оюндар менен мультиктердин зыяны тууралуу кийин сөз кылабыз, азырынча аларды канткенде экрандан алыстатса болот деп ойлоп, чыгарган жыйынтыгым менен бөлүшсөм:

Эң негизгиси: бала менен чогуу бир нерсеге алек болуш керек!

Буга пластилин, аппликация жардамга келет. Чогуу сүрөт тартыңыз. Жомок айтыңыз. “Жомок айтып берчи” деп келген баладан ар кайсы шылтоону айтып кутулбай – айтып бериңиз. Ал кайра-кайра кайталап көргөн дисктерди эч аябай, бекем жерге катып коюңуз. Ал ыйлап, “бир эле жолу көрсөм болобу?” десе жибип кетпей, бекем туруңуз. Бала менен бирге көп убакыт өткөргөнгө аракет кылыңыз. Убакыт жок болсо дагы. Мисалы, колуңуз бошобой тамак жасап жатсаңыз, ага да бир тоголок кичинекей камыр берсе болот. Ал бышылдап аны жайып тоголоктоп, манту, самсы түйүп өзүнчө жыргалга батат. Ү жыйнасаңыз – анын алы жеткидей кичинекей жумуш тапшырыңыз. Негизгиси – ал жумуш балага жагышы керек (мисалы, менин 6 жаштагы кызым чаң сүргөндү жакшы көрөт). Таза жазуу боюнча дептер ачып, жазганды үйрөтүп, тапшырма берген да бала бакча курагындагы бөбөктү кызыктырат. Аны менен көбүрөөк сейилдеп, конокко барса да жакшы.

Ушундай ыкма менен баланы телевизордон, компьютердик оюндардан оолактатса болот. Албетте, бала чыргоолонуп, чатак кылышы мүмкүн, бирок бекем турсаңыз убакыттын өтүшү менен максатыңыз орундалат.

Comments 1

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *